АССИМИЛЯЦИЯ (геологияда)
13:50, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АССИМИЛЯЦИЯ 1 to АССИМИЛЯЦИЯ (геологияда)) тарабынан жасалган версия
АССИМИЛЯЦИЯ [assimilatio ‒ окшоштук, кейиптенүү] г е о л о г и я д а ‒ магма менен анын айлана-чөйрөсүндөгү тоотектердин өз ара аракеттенишүү (эрүү, эритүү, сиӊирүү ж. б.) процесси. Магма жогору көтөрүлгөндө, жанаша жаткан тоотектерди жана магмага түшкөн алардын бөлүкчөлөрүн бүт же жарым-жартылай эритип, өзүнүн курамын, д. у. с. касиеттерин өзгөртөт. Ошондой эле жанаша жаткан тоотектер өзгөрүүлөргө учурап, алардан жаӊы тек келип чыгат. Кээде тоотектин кесек бөлүкчөлөрү магма менен аралашып, ксенолитти (чоочун ташты) пайда кылат.