АССИМИЛЯЦИЯ (тил илиминде)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:42, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АССИМИЛЯЦИЯ т и л и л и м и н д е ‒ жанаша турган үнсүз тыбыштардын артикуляциялык жана акустикалык жактан жасалуу таасири астында бири бирине окшошуу процесси. Мисалы, сөздөгү баштапкы уяӊ же жумшак үнсүздөрдүн таасиринде кийинки каткалаӊ үнсүздүн жумшарышы же тескерисинче, каткалаӊдашуусу. Окшошуу процессинин негизинде толук жана толук эмес Ассимиляция байкалат. Толук Ассимиляция ‒ жанаша турган үнсүз тыбыштардын бири-бирине толук айкалып айтылышы (мисалы, «казса» деген сөз «касса» болуп айкашып айтылат). Толук эмес Ассимиляция ‒ айрым тыбыштардын ар түрдүүчө айтылып, башкача жазылышы (мисалы, «канга» деген сөз «каӊга» болуп айтылат).