АРМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:07, 18 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРМИЯ--(Фр. armee, лат. armo – куралдандыруу) _ I) кургактагы аскерлер, аскер-деңиз флоту; 2) мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн жалпы жыйындысы; 3) аскердик оперативдик бирикме. Мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн көбөйүшү, алардын кеңири фронтто жайгашуусу жана ар түрдүү багытта аракеттенчү аскер топторун башкаруунун кыйындашы, ошондой эле согуш аракеттерин жүргүзүүгө таасир тийгизген жаңы факторлордун пайда болушу бир эле согуш театрында бир нече Армияны түзүү зарылчылыгын туудурат. Ap бир Армиянын номери, өзүнчө штабы, тылы, Аскердик совети болот. Армия командачынын жетекчилиги менен жекече оперативдик милдеттерди аткарат. Бүгүнкү күндө Куралдуу Күчтөрдүн түрүнө, курамына, ишке ашыруучу милдеттерине карай Армия төмөнкүчө бөлүнөт: Аба чабуулунан коргонуучу Армия, Авиациялык Армия, Аба-десант Армиясы, Жалпы аскердик Армия, Танк Армиясы ж. б. Адам коомунун тарыхында туруктуу Армия, жалданма Армия, дыйкандар Армиясы, атчандар Армиясы сыяктуу Армиялардын болгондугу белгилүү. Эгемендүүлүккө ээ болгону Кыргызстан да 1992-жылы өзүнүн аскердик уюмун түзгөн.