АРМАТУРА ИШТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРМАТУРА ИШТЕРИ – темир-бетон жасоо жана бетон куюу үчүн арматураны даярдоо, орнотуу жумуштары. Алар төмөнкүдөй ыраатта аткарылат: I) арматуралык өзөктү (стерженди) камдоо – түрмөктөлүп оролгон, диаметри 10 мм келген арматуралык болоттор кескич автоматта, бөлөк-бөлөк өзөк түрүндө жеткирилген жоон зымдар бири бирине ширетилип, кайчы менен кесилет же бул иштер автоматтык катарда (линия) аткарылат. Өзөк станокто ийилет же түзөтүлөт; 2) арматуралык тор жана каркас даярдоо – камдалган темир өзөктөр контакттуу же жаалык ширеткич менен ширетилет. Өзөктүк арматуранын диаметри 6-90 мм, зымдыкы 3-8 мм. Бетондун байланышын жакшыртууга арматура бетине быдыр салуу менен жетишилет. Кийинки убакта металл эмес арматуранын түрү (базальт, айнек пластик, бамбук) ж. б. колдонулууда; 3) алдын ала чыңалтылган темир-бетон конструкциясы үчүн арматура ченеп алуучу, зым кесүүчү жана чогултуучу түзүлүштө иштелет; 4) арматура жыйноо жана монтаждоо – мурда даярдалган каркас же өзөк түрдүү ыкма менен ширетилип, имараттын фундаментные кран, кондуктор менен орнотулат.

Темир-бетон конструкцияларынын арматурасы: 1 жана 2 – мезгилдүү профилдеги арматура; 3 – мезгилдүү профиль зымы; 4- жети зымдан турган өрүм; 5- кош өрүмдүү темир аркан.