АРИСТОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:18, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИСТОВ Николай Александрович (1847–1910) – орус чыгыш таануучусу жана этно­графы. 1864-жылы Казан университетинин юридика факультетин бүтүргөн. 1864–68-жылдары Тобольск губерниясында административдик кызматтарда иштеген. 1868-жылы Жети-Суу облусунун башкармалыгынын иш алып баруучулугуна дайындалгандан тартып, Аристовдун ишмердиги Түркстан генерал-губернаторлугу менен тыгыз байланышта болгон. 1869–82-жылдары Түркстан генерал-губернаторлугунда жана Жети-Суу облусунда аскердик ар кандай кызматтарда, 1882–88-жылдары Степное генерал-губернаторлугунда иштеген. Түркстан чөлкөмү боюнча топтогон бай материалы Аристовго ошол аймакта изилдөө иштерин жүргүзүүгө түрткү берген. 1893-ж.жылы «Усундар жана кыргыздар же кара кыргыздар. Ба­тыш Тянь-Шандын калкынын тарыхынын, турмушунун жана анын тарыхый географиясынын очерктери» («Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Очерки истории и быта населения Запад­ного Тянь-Шаня и его исторической географии») деген эмгегин жарыкка чыгарат. Бул эмгектин биринчи бөлүгүндө б. з. 5-к-ылымына чейинки усундардын тарыхы, алардын Даван жана Каңгүй мамлекеттери менен болгон байланыштары, Теңир-Тоо аймагындагы аларга таандык эстеликтер ж. б. тууралуу тарыхый кабарлар, енисей кыргыздарынын келип чыгышы жана тарыхы жөнүндө маа­лыматтар берилген. Бул эмгектин «Батыш Тянь-Шань, кыргыздар жана кара кыргыздар» деген бөлүгүндө 6–8-кылымдагы кыргыздар тууралуу та­рыхый кабарлар, Батыш Теңир-Тоодогу карлуктардын, кара-кидандардын учурундагы та­рыхы, чагатай, калмак, кытай жана Кокон үстөмдүктөрүнүн учурундагы абалы, орус бийлигинин карамагына өткөн доорго чейинки узак тарыхый мезгили баяндалган. А. 1894–96-жылдары «Живая старина» журналына жарыяланган «Опыт выяснения этнического состава киргиз казаков Большой орды и каракиргизов на осно­вании родословных сказаний...» деген көлөмдүү макаласында кыргыздардын уруулук түзүлүшү жөнүндө этнографиялык маалыматтар жана уламыштардын негизинде кыргыздардын этностук курамын көргөзгөн жана келип чыгышын далилдөөгө аракет кылган. Императордук орус география коомунун анык мүчөсү болгон жана ал коомдун алтын медалы менен сыйланган.
Эмг.: Опыт выяснения этнического состава киргиз-кайсаков Большой Орды и кара-киргизов. «Живая старина», 1894. в. 3–4; Заметки об этническом составе тюркских племён и народностей и сведения об их численности, СПБ, 1897.

Т.Асанов.