АРЕОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:55, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЕОМЕТР (гр. araios – суюк жана метр) – суюктуктун жана борпоң нерселердин тыгыздыгын өлчөгүч прибор. Иштөөсү Архимед законуна негизделген. Сүрүп чыгарылган суюктуктун көлөмү жана анда калкыган заттын массасы боюнча суюк­туктун тыгыздыгы аныкталат. Массасы жана көлөмү турактуу Ареоиетрлер пайдаланылат.