АРЕАЛДЫК ЛИНГВИСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРЕАЛДЫК ЛИНГВИСТИКА, а й м а к т ы к л и н г в и с т и к а – тил илиминин тилдик фактыларды лингвистикалык география методу аркылуу аймактык жана тил аралык мейкиндиктин негизинде изилдөөчү бөлүмү. Тилдин карым-катышын изилдөөдө диалектилик фактыларды бүтүн камтуусу менен айырмаланат. Тилдин аймактык өзгөчөлөнүшүн тактоо менен изоглосстук интерпретацияны аныктоо анын негизги милдети болуп саналат. Натыйжада, диалектилердин ареалдык карым-катышы, тилдик жана ареалдык жайланышы, таралышы, байланышы такталат.