АРДАК НААМДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:18, 21 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРДАК НААМДАР – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарынын бири. Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. «Кыргыз Республикасынын Ардак наамдары жөнүндө жобо» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген. Ардак наамдарды өлкөнүн Конституциясына ылайык, өлкөнүн Президенти ыйгарат (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 46-берене). Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй Ардак наамдары белгиленген: Кыргыз Республикасынын – эл жазуучусу; эл акыны; эл сүрөтчүсү; эл артисти; эл мугалими (Жобо боюнча мындай наамдарды тиешелүү тармакта «эмгек сиңирген» Ардак наамы бар адамдарга, ошол наамды алгандан кеминде беш жылдын кийин гана татыктууларга ыйгарылат).
Кыргыз Республикасынын – эмгек сиңирген мугалими; билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер; эмгек сиңир­ген врачы; саламаттык сактоосуна эмгек сиңир­ген кызматкер; эмгек сиңирген артисти; маданиятына эмгек сиңирген ишмер; илимине эм­гек сиңирген ишмер; өнөр жайына эмгек сиңир­ген кызматкер; айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер; эмгек сиңирген куруучусу; транспортуна эмгек сиңирген кызматкер; байланышына эмгек сиңирген кызматкер; геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер; калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер; эмгек сиңирген юристи; эмгек сиңирген экономисти; жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кыз­маткер. «Эмгек сиңирген» Ардак наамы жарандардын эмгектеги жетишкендиктери, жогорку кесиптик чеберчилиги, ошондой эле ошол тармакта кеминде 15 жыл үзүрлүү иштегендерге ыйгарылат (мында бир гана «эмгек сиңирген артист» наамы үчүн 10 жыл белгиленген, ал эми «илимге эмгек си­ңирген ишмер» наамы үчүн мөөнөт коюлган эмес). Жарандарды юбилейине карата Ардак наамы менен сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт. Ардак наамга көрсөтүү «Кыргыз Республикасынын мамлекет­тик сыйлыктарына көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө нускамага» ылайык жүргүзүлөт. Анын белгиленген үлгүдөгү мамлекеттик тилде жазылган төш белгилери бар, алар төштүн оң жагына тагылат. Ардак наам кайталанып ыйгарылбайт. Ардак наам менен Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар да сыйланышы мүмкүн. Ардак наамга татыктуу болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдаланышат.
Ы.Кадыров.