АРГУ
АРГУ– 1) 11–12-кылымдарда Караханиддер мамлекетине караган азыркы Кыргызстан, ага чектеш Казакстан аймактарындагы дубан; 2) Гунндардын курамындагы байыркы уруулардын бири. Аргулар Махмуд Кашгари ж. б. тарыхчылардын эмгектеринде Талас өзөнүн бойлогон байыркы Талас, Сайрам шаарларын мекендеген түрк тилдүү, көп сандуу байыркы эл экендиги айтылган. Махмуд Кашгари бул топонимди: 1) эки тоо ортолугу; 2) Баласагун жана Тараз, Баласагун жана Исфиджиабдын ортолугундагы жайгашкан шаарлардын жалпы аталышы экендигин жана бул аймакты кийинки мезгилдерде (11-кылымга чейин) түрк тилдүү уруулар мекендей баштаганын белгилеген. Жамал Карши (13-кылым) Аргу өлкөсүнө бүткүл Жети-Суу аймагы кирерин жазат. 11-кылымдын орто ченинде Жети-Суу аймагынан Мавераннахрга Аргулар менен бирге карлук, халадж, тухси ж. б. уруулар көчүшкөн. 1253-жылы Или өрөөнү аркылуу өткөн Гильом Рубрук бул аймактын «Органум» деп аталарын эскерген. Аталган аймак жөнүндө Рашид ад-Дин (14-к.) «Жами ат-таварихте» эскерип өтөт. Аргулардын чыгыш тегинин башаты Саян-Алтай аймагы менен да байланышы бар экендигин азыркы Тывадагы (Тыва Республикасы) Оргу топониминин сакталып калышы тастыктайт. Ошондой эле Оргу Аргу этнотопоним катары Чыгыш Түркстанда да сакталып калган.