АРГОС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:07, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГОС– Пелопоннес жарым аралынын (түштүк Грекия) түндүк чыгышындагы байыркы шаар. Калкы 25 миң киши (2011). Б. з. ч. 2-миң жылдыктын 2-жарымында эле ири борбор болгондуктан, байыр­кы акындардын чыгармаларында айрым учурларда бүткүл Грекия Аргос, ал эми гректер аргивяндар деп айтылган. Микен цивилизациясы кыйрагандан кийин Aгосту дорийлер мекендеп калышкан. Б. з. ч. 8-6-кылымдарда алардын бийлиги Пелопоннестин түндүк-чыгышына тарап, шаар кайрадан гүлдөп-өскөн. Aргостото монархия б. з. ч. 5-кылымга чейин өкүм сүрүп, андан соң демократия орногон.Тышкы саясатында Аргос менен Спартанын ортосунда жер үчүн күрөштөр болуп турган. Б. з. ч. 229-жылдан Ахей союзуна, б. з. ч. 2-кылымдын экинчи жарымынан Римдин бийлигине өткөн. Б. з. 267- жана 395-жылдары Готтор тарабынан талкаланган. Бүгүнкү күнү Аргос Грекиядагы туристтик борборлордун бири. Шаарды археологиялык изилдөө учурунда Микен дооруна тиешелүү сепилдин, Зевс менен Афины храмынын, 20 миң орундуу театрдын, музейлердин ж. б. калдыктары табылган.