АРБИТРАЖДЫК БҮТҮМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:39, 14 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРБИТРАЖДЫК БҮТҮМ – биржа коюлган окшош товарлардын башка биржага коюлгандагы бааларындагы айырмасын же товарды тапшыруу мөөнөтүнүн ар башкалыгын эске алуу, ошондой эле кошумча пайда көрүү максатында бир акцияны экинчи бир акцияга алмаштырууда чыгарылган биржа бүтүмү. Арбитраждык бүтүм төмөндөгүдөй түрлөрү менен айырмаланат: валюталык бүтүм – бул, белгилүү учурдагы курстук айырмага жараша пайда келтире турган бүтүм (жөнөкөй– бир валютанын курсуна жараша жана татаал–бир нече валюта катышкан); пайыздык бүтүм–бул, рынок капиталындагы проценттик айырманы пайдалануу аркылуу пайда алууга мүмкүндүк берет; товардык бүтүм–бул, товар рыногундагы баалардын айырмасынан пайда алуу максатында түзүлгөн бүтүм; фондулук бүтүм–бул, бир эле учурдагы курсу боюнча баалуу кагаздарды сатуу жана сатып алуу операциясы; бир эле мезгилде биржалык жана биржасыз рыноктор, ар кайсы өлкөлөрдүн биржалык рыноктору, региондору, ошондой эле ар түркүн поястар ортосундагы биржалык курстун айырмасын эске ала турган бүтүм; баалуу кагазды сатып алуу же баалуу кагаздарды конверциялоо, ошол эле мезгилде аны сатуу укугу. Киреше түшүрүү ыкмасына жараша ал, дивиденттик жана дисконттукка бөлүнөт.

Ж. Арзыкупов