АРАПОВ Байыш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:09, 22 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АРАПОВ to АРАПОВ Байыш) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАПОВ Байыш (1942-ж. т., Ош обл., Баткен р-ну, Самарканд айылы) – физик, физика-математика илимд. доктору (1993), проф. (2000). 1964-ж. ОМПИни, 1967-ж. КМУнун аспирантурасын бүтүргөн. ОМПИде окутуучу, улук окутуу­чу, доцент, декан, ОшМУда профессор, кафедра башчы, ОшТУда фундаменталдык жана колдонмо илимдер б-ча ИИИнин директору, про­ректор. 2001-жылдан ОшМУда ил. иштер жана билим берүү борборунда проректор. Катуу нерселердин физикасы б-ча адис. 11Одон ашык эмгеги, анын ичинде 1 монографиясы жарык көргөн. Эмг.: Люминесценция электронных возбуждений и их распад с образованием в ионных кристаллах (в соавт.). Б., 1999.