АРАГОНИТ
Jump to navigation
Jump to search
АРАГОНИТ (Испаниядагы Арагон деген жердин атынан) – карбонаттар классындагы минерал. Химиялык формуласы Са[С03]. Ромб сингониясында кристаллданат. Жер бетиндеги геологиялык тышкы процесстерге туруксуз келип, кальцит минералына өтүп кетет. Өңү түссүз ак, кээде ачык жашыл, кызгылтым көк. Айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5–4. Салыштырма салмагы 2,95. Интрузия тоо тектеринин минералдарында жана минералдуу арашан сууларынын чөкмөлөрүндө кезигет. Өңү кубулган берметтер менен акактардын көпчүлүк бөлүгү арагониттен турат.