АСТЕРОИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТЕРОИДДЕР (гр. asteroeid ‒ жылдыз сымал), к и ч и н е п л а н е т а л а р ‒ Күн системасында эллипс орбитасы б-ча айлануучу космос телосу. А-дин диаметри 1‒1000 км. Италия астроному Жузеппе Пиацци 1801-ж. Марс менен Юпитер ортосунда айланып жүрүүчү кичине планета Церераны алгачкылардан болуп ачкан. Анын диаметри 1003 км. Андан кийин 1802-ж. Паллада (диаметри 608 км), 1807-ж. Веста (538 км) ж. б. ачылган. Курамы б-ча А. таш (силикаттар менен карбонаттардан турат), металл-таш жана металл (иридий менен никель арбын) болуп бөлүнөт. Көпчүлүк А-дин айлануу мезгили 8 с чамасында. Диаметри 240 кмден кичине А-дер туура эмес формада болот. Азыркы убакта 2000ден ашык А. белгилүү.