АРАВАН-САЙ
АРАВАН-САЙ – Ноокат жана Араван р-нунун аймактары аркылуу аккан суу. Уз. 102 км, алабынын аянты 1960 км2. Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Башталышыида Гезарт, ортонку агымында Чили-Сай, Кыргыз-Ата аталат. Шаарихан-Сай каналына куят. Жогорку агымында шар аккан тоо суусу, Ноокат өрөөнүнөн чыккандан кийин (Жаңы-Ноокат кыш. тушта) шиленди конусту пайда кылып, суунун бир тобу жерге сиңип кетет, бул жерден айрым каналдар башталат. Ноокат ойдуңунда Кыргыз-Ата жана Косчан кошулгандан кийин Кара-Чатыр тоосун кесип өтүп Фергана өрөөнүнөн чыкканда каналдарга бөлүнүп кетет. Ири куймалары: Кыргыз-Ата, Косчан, Агарт, Ак-Дөбө. Жылдык орт. чыгымы 10,4 м3/сек. Эң чоң чыгымы июнь – июлда, азы март – апрелде байкалат. Майда кире баштап, октябрда тартылат. Боюнда Жаңы-Ноокат, Тельман, Косчан, Беш-Мырза, Араван кыш. жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.