АРА-БЕЛ КӨЛДӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:53, 8 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРА-БЕЛ КӨЛДӨРҮ– Тескей Ала-Too менен Жетим-Бел кырка тоосунун аралыгындагы Ара-Бел сыртынын батыш бөлүгүндө жайгашкан көлдөрдүн тобу. Көлдөрдүн бири Кичи Нарын суу­сунун алабына (Буркан көлү), калганы Чоң Нарындын алабына кирет. Суу бөлгүчтүн туу жонундагысы (Ара-Бел ашуусуна жакын) деңиз деңг. 3830 м бийиктикте жайгашкан, аянты 0,007 км2, суунун көлөмү 0,006 млн м3. Эң те­рең жери 2,5 м. Суусу мол мезгилде көлдөн агып чыккан суу ылдыйкы көлгө куят. Ал деңиз деңг. 3820 м бийиктеги морена чуңкурун ээлеп жатат. Уз. 0,5 км, туурасы 0,3 км, аянты 0,115 км2 , суунун көлөмү 0,751 млн м3. Көлдөн суу агып чыгат. Кар суулары менен толукталат. Көлдүн түн.-чыгыш бөлүгүнөн морена бөгөтүн жиреп агып чыккан суу төмөнкү көлгө куят. Анын түш.-батыш жээги тик түшүп, мореналардан турат, түн.-чыгышы жантайыңкы, саздак. Түсү жашыл, тунуктугу м. Сууда өсүүчү өсүмдүктөр мол, ихтиофауна бар. Көл мөңгүнүн аракетинен пайда болгон. Кийинки көл 3800 0 м бийиктикте, экинчи көлдөн 700 м чыгыш тарапта. Көл моренанын оёң жеринде жайгашкан. Уз. 1,2 км, туурасы батыш бөлүгүнүкү 350 мге чейин. Аянты 0,245 км2, кө­лөмү 0,365 млн м3, эң терең жери 4,5 м. Жогор­ку көлдөн агып чыккан суу менен толукталат. Көлдөн агып чыккан суу Ара-Бел-Сууга куят. Жээги мореналар менен татаалданып, таштуу, айй­рым бөлүгү саздак. Жашыл түстө, тунуктугу 3 м. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөрдүн тибине кирет. Бул көлдөн 2 2 км түш. тарапта, деңиз деңг. 3910 м бийикте мөңгүнүн аракети­нен пайда болгон дагы бир көл жатат. Анын уз. 0,65 км, эң жазы жери 0,4 км. Аянты 0,193 км2, көлөмү 0,816 млн м3. Эң терең жери 5 м. Жа­шыл түстө, тунуктугу 3 м. Көл чанагынын формасы жана жээк рельефи өрөөндө мөңгү болгондугун күбөлөйт. Мөңгү тартылганда ордуна көл пайда болгон..