АЛАЙ-ОШ ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
20:22, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАЙ-ОШ ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ ‒ 1845-ж. Алай, Ош аймагындагы кыргыздардын Кокон хандыгына каршы элдик көтөрүлүшү. Алайда башталган кыймыл кыска мезгил ичинде Ош аймагына чейин жайылып, Кокон хандыгынын коопсуздугуна коркунуч туудурган. Ошол кезде хансарайды бийлеп турган Мусулманкул миӊ башынын Ташкентке кеткендигинен пайдаланып, көтөрүлүшчүлөр Ошту басып алышкан. Көтөрүлүш ж-дө кабарды уккан Шахрихан вилаетинин акими кыпчак Мухаммед Назар Көр оглы кошуун топтоп, көтөрүлүшчүлөргө каршы аттанган. Ошол эле мезгилде Ташкенттеги Мусулманкулдун кошууну шашылып кайтып келип, Көр оглынын кошууну м-н бирдикте көтөрүлүшчүлөрдү талкалаган. Мусулманкул миӊбашы Ошту багындырып, кыймылга катышкан кыргыздарды аёосуз жазалаган.