АПОСТЕРИБРИ ЖАНА АПРИБРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:37, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПОСТЕРИБРИ ЖАНА АПРИБРИ (лат. аposteriori – кийинкиден, a priori – мурункудан) – апостериори тажрыйбадан чыккан, ап­риори – тажрыйбадан мурунку жана ага көз каранды эмес билим. Апостерибри жана Aприбрини карама-каршы коюу жаңы мезгилдеги рационализмде ырааттуу туюнтулган, ал тажрыйбалык жол менен алынган кокус акыйкаттан олуттуу айырмаланган эң жалпы жана зарыл акыйкаттан келип чык­кан. Апостериорилик таанып-билүүнүн талдоосу И. Канттын системасында чоң орун ээлеген. И. Канттын философиясында априори коомдук тажрыйбадан чыккан билимге карама-каршы келип, ал тажрыйбага чейин эле пайда болгон деп көрсөтүлөт. Ал туюу, сезүүнүн жардамы менен алынган билимди жалган деп эсептеген.
Г. Т. Ботоканова.