АПИС
Jump to navigation
Jump to search
АПИС– байыркы Египеттеги «касиеттүү» бука. Птаха кудайынын жаны катары эсептелген. Кийин Осирис жанa Ра кудайлары менен байланыштырылган мифтер кездешет. Б. з. ч. 3-миң жылдыкта түшүмдүүлүктүн пири катары сыйынышкан. Ал көп малдын ичинен өзгөчө белгилери боюнча тандалып, өзүнчө багылган. Диний жөрөлгөлөрдү аткарууда пайдаланылып, өлгөндөн кийин аны ардактап көмүшкөн (Мемфистин жанындагы Серапеум катакомбасынан 64 мумия табылган).