АСТЕНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТЕНИЯ (гр. actheneia ‒ дармансыздык, күчтөн таюу) ‒ нерв-психикалык жабыркоо. Мында оорулуу бат чарчайт, ишке жөндөмү төмөндөйт, өтө жарыкты, ызы-чууну сүйбөйт. Ага нерв системасынын чарчоосу, психикалык жабыркоо, чала уктоо, санаркоо, күйүт тартуу, мээ чайкалуу, иштен чарчоо, аракечтик, маалы менен тамактанбай, эс албай жүрүү ж. б. себеп болот. Бейтап өзүнчө, элден обочо болууну каалайт. Уйкусу жакшы болбой, коркунучтуу түш көрөт. Тамакка табити тартпай, ичи катат же өтөт; кара тер басып, жүрөгү тез кагат. Оорунун башталышында эмгек менен эс алууну туура айкалыштыруу, витаминдүү тамак ичүү, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо, үйдө жана иште ыӊгайлуу шарт түзүү керек. Гипноз, психотерапия, ийне сайып дарылоо жана сеп алдыруучу дарылар менен дарылайт.