АПАТИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:39, 22 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПАТИЯ (гр. apatheia – көңүл коштук, кайдыгерлик) – 1) айлана-чөйрөгө кош көңүл мамиле кылуу; организмдин ички козголуусу, кызыкчылыгы, эмоциялык реакциясы жоголгон абалы. А. көбүнчө жалпы психикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө байланыштуу, оорулуу аз кыймылдайт, аз сүйлөйт, демилгесиз болот. А. кээ бир психикалык оорулар, ошондой эле нерв системасынын иши бузулганда байкалат. 2) Антикалык философияда стоицизм этикасынын негизги түшүнүктөрүнүн бири; анда адамдын жан дилин бардык ышкыдан толугу менен ажыратылышы керек, – деп талкууланат. Стоиктердин пикири боюнча адамдын ышкысы жакшылык жанa жамандыкты туура талдоого жолтоо болот; акылман ышкыдан, башкача айтканда коркуу, кайгыруу сыяктуу сезимдерден тышкары болуусу зарыл. Алгач бул түшүнүк мегар мектебинин өкүлү Стилпон, кийин Зенон (б. з. ч. 4-3-к.) тарабынан өркүндөтүлгөн.