АОРСТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:04, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АОРСТОР (гр. Aorsoi) – сармат урууларынын союзу (к. Сарматтар). Аорстор жөнүндө Страбон, Пто­лемей, Плиний жанa Тациттин эмгектеринде маалыматтар бар. Арстор алгач Арал же Каспий деңиздеринин түндүгүндө жашаган. Б. з. ч. 2-кылымда Каспий деңизи менен Дондун түндүк жээгиндеги талааларды ээлешип, андан Кавказга чейин барышкан. Аорстор жоокер, көчмөн эл болуп, негизи­нен малчылык менен кесиптенишкен жанa Закавказьенин, Боспор мамлекетинин жанa Орто Азия­нын элдери менен соода жүргүзгөн. Б. з. 2-кылымында аландар башкарган сармат уруулар союзунун курамына кирген. Оренбург талаалары менен төмөнкү Волга боюнда б. з. ч. 4–2-кылымдардагы көрүстөндөр Аорсторго таандык делип жүрөт.