АНУЧИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:31, 11 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНУЧИН Дмитрий Николаевич [27. 8. (8. 9.) 1843, Санкт-Петербург – 4. 6. 1923, Москва] – орус антропологу, географ, этнограф жана археолог. Петербург ИАнын, Казан университетинин, Лондон антропология институтунун ардактуу мүчөсү. 1867-жылы Москва университетинин физика математика факультетин бүткөн. 1875-жылдан Москва археология коомунда иштеген. Москва университетинин профессору (1884), Россия ИАнын академиги (1896). 1890-жылдан Табият таануу, антропология жана этнография сүйүүчүлөр коомунун президенти. 1879-жылы Москва университетине караштуу антропология музейинин ачылышынын демилгечилеринин бири. 1880-жылы Москва университетинде алгач ачылган антропология кафедрасын, 1885-жылдан география кафедрасын, 1922-жылдан антропология институтутун башкарып, география бөлүмүн түзгөн. Россияда география институтунун 1-директору (1922–23). Анучиндин илимий эмгектеринин негизги багыты – этникалык антропология жана адамдын түпкү тегин изилдөөгө арналган. Анын адамдын баш сөөгүнүн аномалиясы (1880), Россияда эркектердин көбөйүшүнүн географиялык бөлүнүштөрү (1889), Волга башындагы көлдөр жана Батыш Двинанын жогорку агымы (1896) жөнүндөгү эмгектери азыркыга чейин өз маанисин жогото элек.­

АНУЧИН 3.png

Ошондой эле, геоморфология, гидрология, антрополо­гия, антропогенез, этнография, алгачкы архео­логия, тарыхый география жана эл таануу тармагына тиешелүү көптөгөн эмгектерди жараткан. 1889-жылдан «Этнографиялык обозрение» журналын редакциялаган. «Землеведение» (1894) жана «Орус антропология журналын» (1900) негиздеген. Дарвинизмге өтө берилип, иштеген адам болгон. Анучиндин тарыхый эмгектеринин маанилүүсү – «Ермакка чейинки Сибирдин тарыхы» (1889). Анын урматына Түндүк аралындагы Жаңы Жердеги муздук, Түндүк-Уралдагы тоо, Кичи Куриль жалчасындагы арал, кысык аталган.
Ад.: Карпов Г.В., Путь ученого. М., 1958; Богданов В.В., Д. Н. Анучин. Антрополог и географ. М., 1941; Есаков В. А. Д. Н. Анучин и создание русской университетской географической школы. М., 1955.