АНТРОПОМЕТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:59, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОМЕТРИЯ (антропо... жана ...метрия) - адам денесинин морфол. өзгөчөлүгүн баалоо методдору менен ыкмаларынын жыйындысы. Ага бойду, салмакты, дененин сырткы келбетин, ошондой эле бир катар функциялык көрсөткүчтөрдү өлчөө кирет. А. медицинада, негизинен дене өсүшүн изилдөөдө, айрыкча балдардын өсүшүн текшерүүдө өзгөчө мааниге ээ. Анткени ал – организмдин өсүшүнүн жана калыптанышынын көрсөткүчү. Бир жашка чейинки баланын бою, салмагы, баш, көкүрөк курчоосу ж.б. ай сайын, мектепке чейинки балдардыкы жылына кеминде 2 жолу, окуучулардыкы жыл сайын өлчөнөт. Мындай текшерүүлөр балдардын өсүү жана өөрчүшүндөгү кемчиликти өз убагында табууга мүмкүндүк берет. А. кишилерди диспансерлөөдө, армияга чакырылгандарды, спортчуларды медициналык текшерүү жүргүзүүдө пайдаланылат. А. криминалистикада жана сот медицинасында да чоң мааниге ээ.