АНТРОПОЛОГИЯ
АНТРОПОЛОГИЯ (антропо... ж-а ...логия) – адамдын дене түзүлүшү ж-а психикалык абалын, социалдык ишмердүүлүгүн ж-а мад-тын изилдөөчү илимдердин жыйындысы. А. терминин алгач Аристотель киргизген. 19-к-дын ортосунан А-нын илимдеги орду, мазмуну ж-дө эки түрдүү көз караш калыптанган. 1) А. илим катары адамзаттын табигый тарыхын, материалдык ж-а рухий мад-тын, психологиясын,
тилин ж. б. изилдейт. Мындай көз карашты АКШ, Батыш Европа элдеринин антропологдору колдогон. 2) Мейкиндикте ж-а мезгилде адамзат организминдеги өзгөрүүлөр, алардын закондору, аны башкарган факторлор ж-дөгү илимге маани берүү. Бул көз карашты негизинен сов. жана орус окумуштуулары жактаган. А. термини Европа, Россия ж-а Түн. Америка өлкөлөрүндө илимдин үч тармагын – социалдык же маданий А. (этнография), физ. же биол. А. (А-нын өзү), кээде лингвистиканын тарыхын ж-а археологияны түшүндүрүү үчүн колдонулат. Социалдык (маданий) А. термини негизинен Улуу Британияда жана Түн. Америка өлкөлөрүндө кабыл алынган. Социалдык А. – адамдын социалдык ишмердүүлүгүн ж-а мад-тын изилдейт. Ал этногр. баяндамаларга таянат. Байыркы жазуучулар – тарыхый ж-а геогр. эмгектердин авторлору (Геродот, Ксенофонт, Страбон, Г. Юлий Цезарь, Тацит, Клавдий Птолемей ж. б.) ар түрдүү элдердин мад-ты ж-дө алгачкы маалыматтарды чогултушкан. О. кылымда Араб авторлору (Бируни, Масуди, Ибн Фадлан ж. б.) Чыгыштагы ж-а Россиядагы европ. саякатчылар (Дж. Да Плано Карпини, Марко Поло, В. Рубрук) колониялык доордогу деңиз саякатчылары (X. Колумб, Ф. Магеллан, Дж. Кук ж. б.) жана миссионерлер (Д. де Ланда, Ж. Лафито ж. б.) элдердин тарыхы ж-дөгү баяндамаларды калтырышкан. 20-к-дын ортосунда уруучулук система, нике ж-а бийлик мамилелери, турмуштук үрп-адат, салттар, ритуал, мифология, фольклор ж. б. б-ча ири материалдар жыйналып, аккультурация жана маданий инновация ж. б. изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Социалдык A-да бул маалыматтарды системалаштыруу үчүн статистика методу, тарыхый маселелерди чечүүдө, тарыхый изилдөөлөрдө тарыхый А. методу, о. эле социол., психол., лингв, ыкмалар колдонулган. Дифференциялык тематикалар жана ыкмалардын негизинде социал. А. ар түрдүү багыттарга: эконом., саясий, юрид., педагог., лингв., психол., балдар А., гендердик А., мед., муз., шаардык, конфликттик А., визуалдык А. ж. б. бөлүнгөн. Физ. (биол.) А. – биологиянын бир бөлүгү, адамзаттын биол. өзгөчөлүктөрүн, табигый тарыхын жана адамдын организминин жекече өнүгүүсүн изилдейт. Физ. А-нын негизги багыттары: антропогенез ж-дөгү окуу, палеоантропология, популяциялык А. ж-а раса таануу илими, этностук А., физиол. А., конституциялык А. ж. б. Адамдын морфологиясын изилдөөдө А. илими антропометрия, одонтология, краниология жана дерматоглифика методдорун кеңири колдонгон. Адамдын баш сөөгүнүн өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн негизинде адамдын баш сөөгү б-ча анын түспөлүн калыбына келтирүүдө сов. антрополог М. М. Герасимов, о. эле П. Брок, Р. Мартин, Л. Лики, А. П. Богданов, Д. Н. Анучин, В. В. Бунак, Я. Я. Рогинский ж. б. окумуштуулардын А. илимине кошкон салымы зор. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда кыргыз элинин жалпы А-лык тиби европеоид жана монголоид тектеш расалардын аралашуусунан пайда болуп, түш. сибирь – тураноид расасына кирет. к. (түштүк сибирь кичи расасы). Учурда физ. <anom>A</anom>-да иммунология, физиология, молекулярдык жана популяциялык генетика, биометрия методдору пайдаланылат.
Ш. Керимова.