АНТРЕПРЕНЁР
Jump to navigation
Jump to search
АНТРЕПРЕНЁР (фр. entrepreneur – ишкер) - жеке менчик оюн-зоок мекемесинин (театр, цирк ж. б.) ээси. Антрепренер профессионал өнөрчүлөр топтору жаралганда кошо пайда болгон (16-к.). Коммерциялык пайдага кызыккан антрепренердон башка театр менен чыгармачылык байланышы бар антрепренерда болгон. Андай антрепренердун милдетин көбүнчө башкы актёр, драматург же режиссёр аткарган. Азыр көп өлкөлөрдө мамлекеттик театр менен катар антреприза деп аталган менчик театрлар да пайда болууда.