АЛАЙКУУ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Алайкуу (батыш), Терек (түш.) ж-а Фергана (түн.) тоолорунун арасынан орун алган. Уз. 75 км, туурасы 15 км. Деӊиз деӊг. орточо бийикт. 2300 м, жеринин бети тоолуу келип, түн.-батышты көздөй жантайыӊкы. Борб. бөлүгү жайык. Дөӊсөөлүү түзүлүштөгү талкаланып тегизделген жондор, чөкмө тектер м-н капталган байыркы түздүктөр, жарыш жайгашкан кырлар ж-а өрөөндөр мүнөздүү. Негизинен бор ж-а юра мезгилинде пайда болгон тоотектерден түзүлгөн. Көмүр кени бар. Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 15,7°С, январдыкы ‒17,9°С. Жылдык жаан-чачыны 300‒500 мм. Суулары: Балгынды, Кашка-Суу, Карагатты, Саба-Жарды, Кайыӊды , Казык, Ак-Богус, Терек ж. б. Көлдөрү: Кулун, Көл-Кайыӊ ды. Негизинен талаа-тулаӊ (2300‒2700 м), токойлуу шалбаа (2700‒3100 м), токой (3000‒3500м), субальп, альп шалбаасы (3500‒3900 м) ж-а маданий (2100‒2500 м) ландшафттар мүнөздүү. А. ө-ндө Сагындык ж. б. кыш. жайгашкан. Мал чарбасы өнүккөн; жайыт.