АНТРАНИЛ КИСЛОТАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АНТРАНИЛ КМСЛОТАСЫ, аминбензой кислотасы, H2N-C6H4-COOH – органикалык бирикме. Түссүз кристалл, молекулалык салмагы 137,13, б. эрүү t 144-145°С; жегичтерде ж-a минералдык кислоталарда жакшы эрийт; диссоцация константасы Кт =1,07-10 = (25°С). А. к. фталамидцин жегич эритмесине натрий гипобромитинди же гипохлоритинди таасир кылуудан алынат. Уксус кислотасынын эритмелеринде Cd, Со, Си, Ni, Zn, Mo, Pb, Hg менен начар эрүүчү комплекстүү бирикмелерди пайда кылат. А. к-нын бирикмелери боёгуч заттарды ж-a синтездик жыпар жыттуу заттарды өндүрүүдө колдонулат.