АНТОНОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:14, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Олег Константинович [25. 1 (7. 2). 1906, азыркы Москва облусу, Подольск району, Троицы кыштагы – 4. 4.1984, Киев] – авиаконструктор, техника илимдеринин доктору, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966), УССР ИАнын академиясы (1968), СССР ИАнын академиясы (1981). Ленинградцагы Калинин атындагы политехникалык институтту бүтүргөн (1930). А. С. Яковлевдин конструктордук бюро бөлүмүндө (ОКБ) жетектөөчү инженер (1938-40), ошол эле бюродо башкы конструктордун 1-орун басары (1943- 46), башкы конструктор (1946), Киевдеги кайрадан уюштурулган авиация, конструктордук бюро бөлүмүнүн генералдык конструктору (1962-84). Антондун жетекчилиги менен Ан-8, Ан-12, Ан-22 («Антей»), Ан-32, Ан-72, Ан-124 («Руслан») транспорт самолёттору, көп максатта колдонулуучу Ан-2, Ан-14, Ан-28 самолёттору, Ан-10, Ан-24 жүргүнчүлөр самолёттору, планерлор, дельтапландар жасалган; транспорт самолётунун автоматташтырылган долбоорлоо системасын иштеп чыккан, авиакуруу ишинде желим менен кандап би-