АНТИГОНИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:58, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИГОНИДДЕР – Македониядагы падышалардын династиясы (б. з. ч. 306–168-ж.). Александр Македонскийдин кол башчысы «Жалгыз көздүү» Антигон I негиздеген (306–301-ж. бийлеген) жана улуу Деметрий I Полиоркет (301–286-ж. бийлеген) экөө тең падышабыз деп жарыялаган. Деметрий I туткунда өлгөндөн кийин, анын мурасчысы болуп уулу Антигон II Гонат (283–239-ж. башкарган) калат. Антигониддердин кийинкилеринен күчтүүсү Филипп V (221–179) кеңири эл аралык саясат жүргүзүп, 215-ж. Карфаген кол башчысы Ганнибал менен союз түзгөн. Грекияда өз үстөмдүгүн күчөтүү үчүн жасаган аракети Филипп Vни Рим менен кагылыштырган. Киноскефалдагы салгылашууларда жеңилгенден кийин, Македониядан тышкаркы аймактагы ээлигинен баш тарткан соң, Грекияны римдиктер бийлеп калган. Анын мурасчысы уулу Персей (179–168) 168-ж. Пидндеги салгылашууда жеңилип, Македония кыйраган жана Римге биротоло баш ийип калган.