АНТАРКТИКАЛЫК КЛИМАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:45, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАРКТИКАЛЫК КЛИМАТ – Антарктиданын жана аны чулгаган океан мейкиндиктеринин климаты. Материктин климаты өтө катаалдыгы (кышында абанын температурасы –60...–70°Сден төмөн болуп, жылына 100 ммден аз жаан-чачын жаайт), аба ырайында антициклондук режимдин үстөмдүк кылышы менен өзгөчөлөнөт. Жээктеринде жайкы температуpa 0°Сге чейин жетет. Океан мейкиндигинде атмосфералык басым өтө өзгөрүлмөлүү келип, ургаалдуу циклондук аба агымдары жаан-чачын жана катуу шамалдарды пайда кылат.