АНТАЛКИД ТЫНЧТЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:46, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАЛКИД ТЫНЧТЫГЫ (б. з. ч. 387-ж.) – Афины менен Фива жетектеген грек полистеринин коалициясы менен Спартанын ортосундагы тынчтык келишими. Келишим Коринф согушу (395–387) аяктагандан кийин түзүлгөн жана Спартанын өкүлчүлүгүнүн башчысы Анталкиддин аты менен аталган. Персия алгач Спартага каршы күрөшүп, кийинчерээк Спарта менен бирдикте Афиныга каршы союз түзгөн. Ошондуктан, негизинен Персия тарабынан таңууланган Анталкид тынчтыгы шарттары боюнча Грекия грек-перс согушунда б. з. ч. 500–449-ж.) жеңип алгандарынан ажыратылып, Кичи Азия шаарлары кайрадан Ахемениддер династиясынын карамагына өтөт. Анталкид тынчтыгы шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө Спартага тапшырылып, анын натыйжасында Грекияда Спартанын таасири жогорулаган. Бул келишим Грекияда саясий бытырандылыктын жана ич ара күрөштүн күчөшүнө алып келген. Анталкид тынчтыгынын тексти Ксенофонттун «Грек тарыхында» баяндалат.