АНИМИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:29, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНИМИЗМ (лат., anima, animus – жан, pyx) – pyx жана жанга болгон ишенимди билдирүүчү түшүнүк. Мында «жан» негизинен адамга, кээде жаныбарларга, ал эми «рух» табиятка (тооташ, булак, токой ж. б.) карата айтылат. Анимизм түшүнүгүн 18-к-да алгач немец врачы Г. Шталь киргизген. Жашоонун негизин жана башталышын түзгөн «жан» деп туюнтуп, өз окуусун анимизм деп атаган. 19-к-да анын теориясын Э. Тайлор, Г. Спенсер ж. б. улантышкан. Тайлор анимизмди бардык диндердин негизи катары караган. 20-к-да анын теориясы изилдөөчүлөр тарабынан өтө курч сынга дуушар болгон. Анимизмдин элементтерин кыргыздардын диний-философиялык ишенимдеринен да байкоого болот. Ар бир кыргыз уруусунун ыйык деп эсептелген дарагы, тоосу (бийик чоку), жылдызы, жаныбары болгон. Анын айрым элементтери тотемдик ишенимдерде да чагылдырылган. Дарактарга сыйынып, тилек тилөө, ага кездеменин үзүндүлөрүн байлоо, тоо-ташка сыйынуу, тоолуу-токойлуу жерлердеги айрым жерлерди ыйык деп эсептөө ж. б.