АНДАЛУСИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:28, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДАЛУСИЯ – Испаниянын түштүгүндөгү тарыхый облус. Жер Ортолук деңиз менен Атлантика океанынын жээгинде. Аянты 87,3 миң км2.

Калкы 8,4 млн (2011). Андалусиянын аймагында Альмерия, Гранада, Кадис, Кордова, Малага, Севилья, Уэльва, Хаэн провинциялары жайгашкан. Башкы шаары – Севилья.