АНАЛИЗДИН ХИМИЯЛЫК МЕТОДДОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:13, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАЛИЗДИН ХИМИЯЛЫК МЕТОДДОРУ – заттын сапаттык, сандык курамын аныктоо ыкмасы химиялык анализ сапаттык жана сандык, ошодой эле элементтик, молекулалык, функциялык, изотоптук, фазалык болуп да айырмаланат. Химиялык анализ салмактык (гравиметриялык) жана көлөмдүк (титриметриялык) ыкмалар менен жүргүзүлөт. Салмактык ыкмада аныкталуучу элементти анализденүүчү заттан эркин түрдө, чөкмө түрүндө же газ түрүндө бөлүп алып, анын салмагы ченелет. Көлөмдүк анализде эритмелердеги аныкталуучу ион менен реакцияга кирүүчү заттын белгилүү концентрациядагы эритмесинин көлөмүн өлчөйт.