АНАЛИЗДИК ЖАНА СИНТЕЗДИК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:54, 13 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Анализдик жана синтездик ой жүгүртүү– грамматикалык же логикалык ар тараптуу анализдин негизинде, элементтерге ажыраган объектти бир бүтүн системага бириктирүү ж-дөгү ой толгоо. Анализдик ой жүгүртүүдө чындык таза логикалык анализ жолу менен орнотулат (терминдер, баяндоолор). Синтездик ой жүгүртүү ички информацияга, логикадан сырткары чын билимдерге кайрылуунун натыйжасында негизделет. А. жана С. о. ж. деп бөлүү Лейбницте кездешет. Бул терминдерге Кант ачык түшүндүрмө берген. Канттын ою б-ча синтездик априордук болушу да мүмкүн. Азыркы кездеги логикада жана илимдин методологиясында анализдик ой жүгүртүү тилдин семантикалык эрежелеринин натыйжасында ырастоолордун мүмкүнчүлүгүнүн негизи катары түшүндүрүлөт. Ушуну менен аналитикалык дүйнөнү кароонун акыркы өбөлгөлөрү менен байланыштуу. Ал эми синтездик болсо ушул жаңы билимдин тилинин семантикалык алкагында баяндоо мүмкүнчүлүктөрү менен байланыштуу.
Ш. К. Алиева.