АНАКРЕОНТИКАЛЫК ПОЭЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:18, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАКРЕОНТИКАЛЫК ПОЭЗИЯ – санаасыз, бейгам турмушту, ичимдик-шараптарды, сүйүүнү даңазалаган антикалык поэзиянын бир түрү. Аталышы б. з. ч. 7-кылымда жашаган, тойдо ырдалуучу ырлардын автору Анакреонт деген акындын атынан алынган. Бизге анын кээ бир ырларынын үзүндүлөрү жана ошол мезгилдеги Анакреонтикалык поэзиянын үлгүлөрүндө жазылган айрым жыйнактар келип жеткен. Анакреонтикалык ырлар 18-кылымдын экинчи жарымында жана 19-кылымдын биринчи жарымындагы батыш жана орус поэзиясында көп кезигет. Аларды М. В. Ломоносов, А. С. Пушкин, Г. Р. Державин, К. Н. Батюшков ж. б. акындар жазышкан. Кыргыз поэзиясындагы анакреонтикалык ырлардын үлгүсүнө А. Осмоновдун «Үйлөнүү ыры» мисал боло алат.