АММОНИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:45, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АММОНИЙ, NH4+ – азот менен суутек атомдорунан турган ион. Эркин абалында жолукпайт, бөлүүгө аракет кылганда эле аммиак жана суутекке ажырайт. Ал бирикмелеринде бир валенттүү металлдардын касиетине ээ. Эл чарбасында кеңири колдонулуучу туздары – (NH4)2C03, NH4N03, (NH4)2S04, (NH4)2S208. Аммоний хлориди NH4C1 нашатырь деп аталып, медицинада көп колдонулат. Ал эми Аммоний нитраты, сульфаты жана фосфаттары айыл чарбасында жер семирткич катары кеңири пайдаланылат. Аммоний туздарынын көпчүлүгү сууда жакшы эрүүчү кристаллдар; ысытканда NH3 бөлүнүп чыгып, оңой ажырайт.