АМЕРИКА ТАСКАКЧЫЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:35, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКА ТАСКАКЧЫЛЫ – таскакчыл жылкы породасы, негизинен ат спортуна (бир орундуу жеңил араба чегип жарышуу) пайдаланылат. 19-кылымдын ортосунда АКШда миңги (таза кандуу, миңги, араб жылкылары) жана таскакчыл (голланд жылкысы ж. б.) жылкы породаларын, кайталап аргындаштыруу жолу менен чыгарылган. Негизинен күлүктүгү, асыл тукмдуулугу боюнча тандалып, тез чоңоюучу эң күлүк жылкы алынган. Башы анча чоң эмес, мойну узун, өркөчү бийик, бели, жону түз, сорусу жайык. Жоргосунун көкүрөгү кенен, сорусу салыңкы. Өңү тору, кара кер ж. б. Ыйык жалынан бийик. 153–157 см, көкүрөк курчамы 170–185 см, тулку боюнун узундугу 154–158 см, бутунун жоондугу 18–20 см. Айгырынын орточо салм. 450 кг, бээсиники 350 кг. Америка ттаскачылы жылкысынын айрымдары 1609 м аралыкты 1 мин 55,25 секда таскактап (Грейхаунд аты, 2 асый), 1 мин 53,6 секда жорголоп (Бреет Ганновер айгыры, бышты) өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон. АКШ, Канада, Италия, Франция ж. б. өлкөлөрдө асыралат. Россияга 19-кылымдын аягында алып келинген. Америка таскакчылы менен орлов таскакчыл жылкысын аргындаштыруудан орус таскакчыл жылкысы алынган.