АМЕРИКА САМОАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:42, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКА САМОАСЫ – АКШнын өзүн-өзү башкаруучу ээлиги. Тынч океандын батышында, Океаниянын борбордук бөлүгүндө, Полинезиянын түштүк-батышында жайгашкан. Самоа архипелагынын чыгышындагы 7 аралын – Тутуила, Аунуу, Мануа (Нуутеле, Олосега, Офу, Тау) жана Суэйне аралдарын, ошондой эле Роз атоллун камтыйт. Батышынан Самоа менен (мурдагы Батыш Самоа) чектешет. Аянты 199 км2. Калкы 72,8 миң (2010; анын ичинде Тутуила аралында 58 миңге жакын); 81% самоалыктар, ошондой эле немец (евро-полинезиялык), америкалыктар, тонгалыктар, филиппиндиктер, корейлер, токелау, япон, кытайлар жашайт. Христиан (протестант, католик, мармондор) динин тутат. Борбору – Паго-Паго шаары. Расмий тили – англис тили; калкынын көбү самоа тилинде сүйлөйт.
Акча бирдиги – америка доллары.
Администрациялык-аймактык жактан 3 округга (Батыш, Чыгыш – Тутулиа аралында; Мануа) жана 2 аралга (Суэйне, Роз) бөлүнөт. Арал жанар тоонун (Роз аралы шуру атоллунан турат) аракетинен пайда болгон. Базальт менен капталган аскалар басымдуу. Эң бийик жери Лата тоосу (Тау аралында; бийиктиги 966 м). Эң чоң Тутуила аралынын батыш бөлүгүн (аянты 135 км2) аскалуу жапыз тоолор (653 м, Матафао чокусу) ээлеп,океанга тик түшөт. Жазы, терең Паго-Паго бухтасы (өчкөн жанар тоонун кратери) океандагы эң ыңгайлуу гавань. Арал шуру рифтери менен курчалган. Климаты нымдуу тропиктик, пассаттык. Июлдун орточо температурасы 25°С, февралдыкы 27°С, жылдык жаан-чачыны 2500–5000 мм. Декабрь-мартта тез-тез тайфун болуп турат. Дарыялары кыска келип, жээкке жетпейт. Пала,Кызыл көлдөрү (Аунуу аралында) бар. Аймагынын 70% нымдуу тропик токою менен капталган. Кокос пальмасы, бакчылык өнүккөн. Ички дүң продукциясынын көлөмү 575,3 млн АКШ доллары (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 8000 доллардан туура келет. Чарбасынын башкы тармагын копра өндүрүү, балык жана балык консерва өнөр жайы түзөт. Пемза жана пемзолит казылып алынат. 2007-ж. 185 млн кВт.c электр энергиясы өндүрүлгөн. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Жакшы пляждары, таза деңиз суусу болгону менен тайфунга байланыштуу эл аралык туризм начар өнүккөн. Кокос пальмасы, жашылча, таро, нан дарагы, ямс,ананас, папайя өстүрүлөт. Чочко, бодо мал асыралып, үй кушу багылат. Автомобиль жолунун узундугу 211 км (анын ичинде 150 кми асфальтталган).Темир жолу жок. Негизги деңиз порту – Паго-Паго. Эл аралык аэропорту бар. Сыртка (Индонезия, Японияга) консерва чыгарып, сырттан консерва үчүн материал, азык-түлүк, нефть продуктуларын, машина куруу продукцияларын, тиричилик товарларын (Австралия, Япония, Кореядан) алат.

Р. Карачалова.