АЛЮМИНОТЕРМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:18, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЮМИНОТЕРМИЯ (алюминий жана гр. therme – жылуулук) – металлдарды жана металл эместерди (о. эле куймаларды) алардын кычкылтектүү бирикмелеринен алюминий металлынын жардамы менен калыбына келтирип алуу процесси. Анда алюминий майда күкүм түрүндө колдонулат. А-да башка металлдарга караганда алюминий кычкылтек менен аракеттенгенде өтө көп жылуулук бөлүнүп чыгат. Жылуулук металлдардын көп бөлүнүүсүнө жана анын шлактардан толук тазаланышына негизги шарт болуп эсептелет. А. марганец, хром, ванадий, вольфрам ж. б. металлдарды алууда жана болоттон жасалган буюмдарды, рельстерди ширетүүдө колдонулат.