АЛЫМБЕК Жапалак уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:03, 12 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМБЕК Жапалак уулу (19-к-да жашаган) – орус падышалыгына элчиликке барган өкүлдөрдүн бири. Ысык-Көл өрөөнүн жердеген бугу уруусунун желдең уругунан чыккан бий. Түн. кыргыздарынын бугу уруусунун төбөлдөрүнүн 1824–25-ж. Россияга жиберген үчүнчү элчилигине катышкан. Элчилик эмгеги үчүн орус өкмөтү тарабынан Александр тасмасына тагылуучу алтын медаль жана аты жазылган кылыч менен сыйланган. Элчилерди (Акылбек Олжобай уулу, Алгазы Шералы уулу, А. Жапалак уулу) кайра элине жеткирип келген орустарды жакшылап тосуп, сый көрсөткөнү үчүн А-тин атасы Жапалак Кутту (Куттукожо) уулу да алтын медаль менен сыйланган. Сыйлыктарды 1827-ж. А. Л. Бубенов тапшырган (к. Акымбек Олжобай уулу).