АЛЧА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:08, 28 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЧА (Prunus divaricata Ledeb.) – роза гүлдүүлөр тукумунун кайналы уруусундагы мөмөлүү дарак; бийикт. 3-10 м, гүлү ак, мөмөсү тоголок,

сүйрү, өңү сары, кызыл, мала кызыл, кара кочкул, даамы кычкыл, салм. 15-35 г.

АЛЧА 11.png

Илдетке туруктуу көчөтү 2-3 жылдан кийин мөмө байлайт. Жапайы жана өстүрүлмө түрү Балкан ж. а-ында, О. жана Кичи Азияда, Иран, Түн. Кавказ, Украина, Закавказье, Молдавияда кездешет. Кыргызстандын түштүгүндөгү мөмө-жемиш токойлорунда З0дай жапайы түрү өсөт. Кийинки жылдары ири мөмөлүү А.өстүрүлө баштады. Бир түп дарагынан 8-10 кг түшүм алынат. Мөмөсүндө кант, алма жана лимон к-талары, С витамины болот. Андан компот, кыям, повидло ж. б. жасалат. Кеңири белгилүү сорттору: Изобильная, Малиновая, Десертная ж. б. Зыянкечтери: кара алтынчык, алма шиш тумшугу ж. б. Илдеттери: клястероспориоз, вертицилёз.з.