АЛТЫМЫШБАЕВ Асылбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:59, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫМЫШБАЕВ Асылбек [(1. 5. 1912, Россия империясы, Жети-Суу обл., Тилекмат айылы, азыркы Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Калматай (Шалбаа) айылы – 1987, Фрунзе)] – философ, Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954), философия илимд.

доктору (1961), проф. (1962), Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1973). Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөн (1942). Кыргызстан КП БКнын алдындагы респ. парт, мектебинин философия кафедрасынын башчысы (1948–49). СССР

АЛТЫМЫШБАЕВ 1 6.png

ИАнын Кырг-ндагы филиалынын Тил жана тарых интунун директору (1949–50), филиалдын Президиумунун төрагасынын биринчи орун басары (1950–52), Кыргызстан КП БКнын илим жана мад-т бөлүмүнүн башчысы (1952–54), Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти, Философия жана укук ин-тунун директору (1954–66), улук ил. кызматкери (1966–75). 1975–87-ж. ин-ттун директору болуп иштеген. 1960-жылдан респ. «Билим» коомунун төрагалык кызматын да аткарган. СССР (5-шайланышы), Кыргыз ССР Жогорку Советтеринин (3-, 4-, 6-шайланышы) депутаты жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү болгон. А-дин ил. эмгектери О. Азия элдеринин соц. мад-тынын калыптануу, өнүгүү мыйзам ченемдеринин айрым теориялык маселелерин, кыргыз элинин коомдук-саясий жана филос. ой-пикиринин өнүгүү тарыхын изилдөөгө арналган. 60тан ашык ил. эмгектин автору. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», Эл Достугу ордендери менен сыйланган.
Эм Эмг.: Октябрь и развитие общественного сознания киргизского народа. Фр., 1980; Интернациональное и национальное в социалистическом образе жизни советского народа. Фр., 1982; Очерк истории развития общественно-политической мысли в дореволюционной Киргизии. Фр., 1985.