АЛМАШИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:57, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛМАШИ Дьёрдь (11. 8. 1867, Австро-Венгрия ‒ 23. 11. 1933, Австрия, Грац шаары) ‒ венгр окумуштуусу, этнограф, зоогеограф.

АЛМАШИ90.png

Алмаши жетектеген экспедиция 1900-жылы жаз айларында Орто Азия аймагынын бир топ жерлеринде, анын ичинде Ысык-Көлдүн чыгыш жээги, Тескей Ала-Тоонун түндүк жана түштүк капталы, Жети-Өгүздүн сыртына, Сары-Жаз суусунун алабына чейин саякат жасап, табиятын, ошондой эле ал жердеги жергиликтүү элдердин каада-салтын, турмушун изилдеген. Нарынколдо бугу уруусунан чыккан манасчыдан «Манас» эпосунан үзүндү жазып алган. Ал жазып алган «Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону» деген үзүндүсү 1911-жылы «Восточное обозрение» журналына чыккан.

Каракол өрөөнү, 1900-ж.

1912-жылы Европада алгач үзүндүнүн котормосу немец тилинде жарыяланган. Алмашинин 1903-жылы жарык көргөн «Азия жүрөгүнө саякатым» («Vandorutam Azsia szivebe») аттуу эмгегинде Жети-Суу, Ала-Тоо, Теӊир-Тоо өӊдүрүнүн табияты, жаныбарлар дүйнөсү, Түркстандын коомдук-саясий абалы, андагы элдердин, анын ичинде кыргыз жана казактардын өз ара карым-катнашы, тили, дини, каада-салты, чарбасы тууралуу баяндалат.