АЛМАЛЫК КӨМҮР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:45, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛМАЛЫК КӨМҮР КЕНИ Ош облусунун Ноокат районунда, Жалгыз-Арча кырка тоосунун түндүк капталынын этегинде, Ош шаарынан 22 км түштүктө. Кен 1908-жылдан белгилүү. Көмүр 1908‒17-ж. жекече өндүрүүчү А. В. Спечев тарабынан казылып, 1917-ж. көмүр казып алуу токтоп, 1925-ж. кайрадан башталган. Геологиялык изилдөө жана чалгындоо иштери 1955‒56, 1958‒61-ж. жүргүзүлгөн. Көмүр юра катмары менен байланышкан. Көмүрлүү катмарда 2 кабат бар. Үстүнкү кабатынын орточо калыӊдыгы 23,6 м, көмүр 3Б маркасына кирет. Орточо күлдүүлүгү 30%. Күйгөндөгү табы 7061 ккал/кг (290,5 МДж/кг). 1997-жылга карата запасы 19 257 миӊ т.