АССИРИЯ ТААНУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (10)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АССИРИЯ ТААНУУ‒ шынаа сымал жазууга негизделген жазма системасын пайдаланышкан байыркы Ж. Чыгыш элдеринин тарыхы, мад-ты жана тили ж-дөгү илимдердин комплекси. Алгач аккад тилинин вавилондук жана ассириялык диалекттери, жазуусу жана байыркы Месопотамиянын тарыхы ж-дөгү илим. А. шумерологияны, хеттологияны, хурритологияны, эламитологияны, урарту таанууну да камтыйт. А-га О. Г. Лейарддын (Англия) жана П. Э. Боттун (Франция) 19-к-дын орто ченинде Иракта жүргүзгөн изилдөөлөрү, Г. Роулинсондун (Англия) Ирандагы ачкан жаӊылыгы (Персия падышасы Дарий Iнин б. з. ч. 521-жылга жакын, Бехустун аскасындагы байыркы фарс элам-вавилон тилиндеги шынаа сымал жазуулары) база болгон. А. 1857-ж. жаӊы илим деп таанылган. Э. Хинкс (Ирландия) вавилон-ассирия шынаа сымал жазуусу менен эки башка тилдеги тексттер жазылгандыгын аныктаган. Булардын 1-си семит тобуна кирип, 2-си белгисиз болгон. Кийин ал шумер тили экени аныкталган. Шумер тилин изилдеп үйрөнүү б-ча алгачкы иштер П. Хауптка (АКШ), Ж. Оппертке (Франция) таандык. Э. де Сарзек (Франция) байыркы Лагаш ш. урандыларынан (б. з. ч. 3-жылдагы) чыныгы шумер жазууларын жана чарбалык документтерин таап, аларды 1884‒1905-ж. А. Амьо менен Ф. Тюро-Данжен (Франция) чечмелеп, окуп чыгышкан жана А-нун бир тармагы катарында шумер таануу илимине негиз салынган; вавилон-ассириялык шынаа сымал жазуусу жана Вавилониянын бардык мад-ты шумерден чыккандыгы далилденген. Россияда А. б-ча эмгектер 19-к-дын 90-ж-да жарыялана баштаган (В. С. Голенищев, Б. А. Тураев). Орустун 1-ассириологу жана шумерологу М. В. Никольский тарабынан чогултулган шумерге таандык документтерди бастырып чыгарган. 19-к-да жана 20-к-дын 1-жарымында А. илимин изилдеп үйрөтүүчү тилдердин катарына урарту, хетт, хуррит, луви, палай жана элам тилдери кошулган. Урартолог Б. Б. Пиотровский археология тармагында да ийгиликтерге жетишкен. Санкт-Петербург, Тбилиси, Ереван ун-ттери А. илимин иликтөө борбору болуп калган. А. ж-дөгү макалалар россиялык «Вестник древней истории» (1937-жылдан чыгат), «Кавказско-ближневосточный сборник» , о. эле чет өлкөлүк бир нече атайын А. маселелерине арналган журналдарда жарыяланып турат. А-нун чет мамлекеттердеги негизги борборлору Чикаго (Чыгыш ун-ти), Москва (Россия ИАнын Чыгыш таануу ин-ту), Санкт-Петербург (Эрмитаж), Багдад (Багдад музейи), Рим (Папанын библиялык ин-ту), Стамбул (Стамбул музейи), Анкара, Берлин, Мюнхен, Гейделберг, Прага ж. б. ш-ларда жайгашкан. Кийинки жылдарда А-га Ирактын илимпоздору да өз салымдарын кошууда.