АКЫМБЕК Олжобай уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Олжобай уулу ‒ орус падышалыгына барган кыргыз элчилеринин (1824‒25) башчысы. Ал бугу уруусунун арык тукумунан чыккан. 19-к-дын биринчи чейрегиндеги түн. кыргыз коомчулугундагы саясий бытырандылык Ысык-Көл кылаасындагы бугу уруусундагылар үчүн Россияга элчилик жиберүүгө ыӊгай түзүп, уруу төбөлдөрү А. Олжобай уулун баш кылып, бугунун белек уругунан чыккан Алгазы Шералы уулу, желдеӊ уругунан Алымбек Жапалак уулу баштаган 8 адамды кат м-н жиберишкен. Катта бугу уруусунун бийлөөчүлөрү орус кербендерин өз аймагында калкалап берүү милдетин алууга даяр экендигин билдиришкен. Элчилерди 1825-ж. 5-январда Омскиде Батыш Сибирь генерал-губернатору жылуу маанайда кабыл алып, сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктап, элчилер 50 адамдан турган казак-орус кошуунунун коштоосу м-н эл-жерине аман-эсен кайтып келишкен. А. элчилик ишмердиги үчүн Александр тасмасына тагылган алтын медаль м-н сыйланып, аны 1827-ж. Ысык-Көлгө атайын келген А. Л. Бубенов тапшырган.