АЛЕКСАНДР КОЛОННАСЫ
АЛЕКСАНДР КОЛОННАСЫ‒ Санкт-Петербургдагы Дворец аянтында, 1812-ж. Ата Мекендик согуштун жеӊишине арналган арх-ралык эстелик. О. Р. де Монферрандын долбоору б-ча 1830‒34-ж. тургузулган, император Александр Iнин аты коюлган. Эстелик доридалык стиль менен салынган колонна, крест кармаган периште колоннанын үстүнө коюлган (скульптору Б. И. Орловский). А. к-нын жалпы бийикт. 47,5 м (дүйнөдөгү эӊ бийик триумфалдык колонна), постаментинин түп жагында 1250 свай орнотулган. «Александр түркүгү» салтанаттуу түрдө 1834-ж. ачылган жана бул аянт шаардын символу болуп калган. А. к. Ленинград блокадасында снаряддын сыныгынан зыянга учураган, 1963-ж. кайра калыбына келтирилген. 1977-ж. А. к-нын айлана
сына азыркыдай брусчатка төшөлүп, темир тосмолор орнотулган, эстеликтин бурчтарынын 4 фонары кайрадан калыбына келтирилген (2004).