АЛГАЗЫ
Jump to navigation
Jump to search
АЛГАЗЫ (Абылгазы) Шералы уулу ‒ 1824‒25-ж. орус падышалыгына барган кыргыз элчилеринин бири. Бугу уруусунун белек уругунун таанымал бийи. Элчилик ишмердиги үчүн Александр тасмасына тагылган алтын медаль менен сыйланып, аны ага 1827-ж. апрелде Ысык-Көлгө келген А. Л. Бубенов тапшырган. к. Акымбек Олжобай уулу.